Бүгүн, 1-декабрда депутат Төрөбай Зулпукаров Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу президенттин ЖКдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин ага каршы берген көрсөтмө берди деген маалымат жалган болушу мүмкүн экенин билдирди.
Эсиңиздерге сала кетсек, 24-ноябрда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча президенттин ЖКдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев камакка алынган.
Тергөөнүн жүрүшүндө, 2020-жылдын октябрь айында болгон шайлоо кампаниясы учурунда Курманбек Дыйканбаев саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин ага 7 миллион сомдон ашык суммадагы акча каражатын которууга мажбурлаганы аныкталды. Баш тарткан учурда ээлеген кызматынан бошотом деп коркуткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ