Menu

Өкмөт: Кийинки жумада диний мекемелерге барууга коюлган чектөөлөр алынып салынат

Бөлүшүү:

8-июндан тарта Кыргыз Республикасында диний мекемелерге – мечиттерге, чиркөөлөргө жана намазканаларга барууга коюлган чектөөлөр алынып салынат. Мындай чечимди Республикалык штаб Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жана башка диний мекемелердин өкүлдөрү менен кеңешкенден кийин кабыл алды.
Бул жайларда санитардык чаралардын сакталышын текшерүүнүн жана көзөмөлдөөнүн алгоритми: беткап тагынуу, кире бериштен келгендердин дене табын өлчөө, социалдык аралыкты сактоо камсыз кылынышы керек.
Республикалык штаб өлкө аймагында карантин күчүндө экенин эскертет, ошондуктан жарандар санитардык-гигиеналык нормаларды, анын ичинде коомдук жайларда сөзсүз түрдө беткап тагынууга тийиш.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: