Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов Бангладештен 80ге жакын Кыргызстандын жарандары өлкөгө кайтып келе албай жатканын айтты.
“Коронавирус илдетине байланыштуу азыркы учурда өз өлкөсүнө кайтып келе албай жаткан башка мамлекеттерде жүргөн биздин жарандар бар. Алардын катарында Бангладеште 80ге жакын жарандарыбыз мекенине кайтып келе албай жатышат. Алардын колунда билеттери бар. Бирок ички, тышкы каттамдар жабык болгондуктан, мекенине келүү мүмкүнчүлүгү жок. Аларды алып келүү боюнча иштерди уюштуруу керек”, – деди депутат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ