“Той-аштын бардыгы 31-августтан 10-сентябрга чейин гана өтөт деп койсок. Эгемендүүлүк күнү ар жыл сайын башка облустарда белгиленсе жакшы болот эле” – деп билдирди бүгүн, 4-июнда депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште юбилейлик иш-чаралар жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатканда.
“Кесиптик майрамдын бардыгын кошуп, 31-августтан баштап, 10-сентябрга чейин майрамдасак. Кытай жаңы жыл майрамын 10 күн майрамдайт экен, андан башка майрам жок. Биз да ошол сыяктуу кылып, майрамдарды бир эле өткөрүп коёлу” – деп сунуш кылды депутат.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси Зиядин Жамалдинов Акылбек Жапаровдун пикирине кошулуп, кесиптик майрамдарды майрамдоого эле бюджеттен көптөгөн акча каражаттары бөлүнүп жатканын билдирди.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ