Menu

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Нарын шаарында жүргөн селдин кесепеттерин жоюу боюнча жыйын өткөрдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Нарын шаарында жүргөн селдин кесепеттерин жоюу боюнча жыйын өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун маалыматы боюнча, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Чоң-Нарын каналындагы суунун деңгээли көтөрүлгөн. Анын кесепетинен улам Нарын шаарына караштуу Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон жана Көтөрмө райондорунда жайгашкан 60 турак жайдын короолорун, чарбалык субъектилерди жана жолдорду суу каптаган. Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал тармактык мамлекеттик органдарга финансы каражаттарды өз убагында бөлүү жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: