Бүгүн, 4-июнда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда экс-генпрокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурумда тараптардын жарыш сөзү уланууда. Отурумда судья Марат Сыдыков төрагалык кылып жатат.
Мамлекеттик айыптоочу соттон кылмышка айыпталып жаткан Эрмек Осмонкуловду жана Асанэмир Абыкуловду күнөөлүү деп табууну, экөөнү тең өмүр бою эркинен ажыратып, 300 миң сомдон айып пул салууну суранды.
Жумушчу күндүн аякташына байланыштуу процесс бир айга жылдырылды, эми процесс 3-июлда уланат.
Ошол эле жылы ноябрда 1986-жылы туулган Эрмек Осмонкулов бул кылмышка шектүү делип кармалган. Ал мурда дагы бейбаштык, тоноочулук, уурулук боюнча соттолгон экен.
2019-жылдын май айынын аягында Москвадан Токмоктун тургуну, 1983-жылы туулган Асанэмир Абыкулов кармалган, ал мурда эле оор кылмыш үчүн мамлекеттер аралык издөөдө болгон.
Үчүнчү шектүү 1988-жылы туулган Россиянын жараны Заур Насруллаев РФнын шаарларынын биринде кармалган. Аны экстрадициялоо маселеси али чечиле элек.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ