Menu

Камчы Көлбаевдин оң колу “Дөө Чыңгыз” камактан чыгаары айтылууда

Бөлүшүү:

11-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда “Дөө Чыңгыз” деген каймана аты менен белгилүү болгон Жумагулов Чыңгыз Адашкановичке карата өкүм чыгарууга даярданып жатышат. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы жазып чыкты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, сотто төрагалык кылган судья Чыңгыз Жумагуловду бошотууну көздөп жатат. Анткени Дөө Чыңгыздын “кол астындагылары” – уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү, 1984-жылы туулган Марсбек Тентиев жана 1981-жылы туулган Илияс Айдакеев анын күнөөсүн мойнуна алышкан.

Чыңгыз Жумагулов эмнеси менен белгилүү болгон жана эмне үчүн соттолгон?

Чыңгыз Жумагулов 1981-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунда туулган. Анын аты-жөнү милициянын көптөгөн билдирүүлөрүндө айтылган. Ал көп жолу кармалып, тергөө абагына камалган. Андан тышкары, ал соттун өкүмү менен күчөтүлгөн режимдеги колонияда узак мөөнөткө кесилген. Бирок бир нече жылдан кийин ал түрмөдөн “таза абийир менен” чыгууга жетишкен.

“Дөө Чыңгыздын” эрдиктери…

2016-жылдын 6-июнунда кармалып, “Бейбаштык”, “Каракчылык” беренелери боюнча айыпталган. Бишкектеги Биринчи май райондук соту тарабынан 9 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми “Кылмыштуу шериктикти (кылмыштуу уюмду) уюштуруу” беренеси боюнча мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга кесилген. “Адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси боюнча мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга, “Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү” боюнча 5 жылга эркинен ажыратылган.

Жогорудагы белгиленген жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен Чыңгыз жалпысынан 16 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилген. Бирок ал жаза мөөнөтүн №3 колонияда өтөгөн.

2017-жылдын 13-декабрында КРнын Бишкек шаардык соту “Адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси боюнча айыпталган ишти кайрадан карап чыккан. Калган бөлүгү өзгөрүүсүз калып, жарым-жартылай кошуу менен 12 жылга кесилген.

2017-жылдын 13-декабрында Жогорку Сот бул ишти кайрадан карап чыгып, “Адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси боюнча анын күнөөсүнүн далилдери жок болгондуктан, Чыңгыз Жумагулов толугу менен акталган.

“Бейбаштык” боюнча 5 жылга, “Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү” беренеси боюнча 3 жылга кесилген. Т.а. жаза мөөнөтүн 2 жылга кыскартылган. Жарым-жартылай кошуу жолу менен 6 жылга эркинен ажыратылган.

2018-жылдын 16-январында Бишкектеги Ленин райондук соту Чыгыз Жумагуловду 2 жыл 8 ай жана 5 күнгө мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Жыйынтыгында ал №47 колониядан бошотулган.

2018-жылдын 31-январында бул окуя коомдо резонанс жараткандыктан, Жогорку Сот райондук соттун чечимин жокко чыгарып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн колонияга кайтарып берген. Бирок, 2019-жылдын апрель айында ал эркиндикте болгон.

Аёосуз сабалып, оорукананын астына ташталган эркек кишилер

Бирок, ошол эле айда, 2019-жылдын 9-апрелине караган түнү Москва көчөсүндө жайгашкан “Камек” жеке клиникасынын алдына белгисиз адамдар сабалып, оор жаракат алган эки эркек кишини таштап кетишкенден кийин Дөө Чыңгыз издөөгө алынган.

Сабалгандардын бири башынан оор жаракат алып, эсине келбей, реанимацияда көз жумган. Анын өздүгү такталып, көз жумган жаран Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну 1974-ж.т. Илияс А. болгон. Ал Бишкек шаарында жашачу.

Сабалгандардын экинчиси алган оор жаракатынан улам жеткирилген күндүн эртеси көз жумган. Ал дагы башынан оор жаракат алып, баш сөөгү сынган. Ал Талас облусунун Бакай-Ата районунун 1983-ж.т. туулган тургуну экени аныкталган. Ал Бишкек шаарындагы Аламүдүн районунда жашачу.

Кылмыш ишинин материалдары боюнча, мушташты уюштургандардын бири Чынгыз Жумагулов болгон. Ал 11-апрелде кармалган. Сот тергөө учурунда аны камакта калтыруу чечимин чыгарган. 4-июнда анын баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылган. 8-июнда Чыңгыз Жумагулов Бишкектеги №47 түзөтүү колониясындагы ооруканада дарыланып жаткандыгы белгилүү болгон. Ага “аллергиялык дерматит” деген диагноз коюлган.

Эми, 2020-жылдын 11-июнунда сот бул иш боюнча чечим чыгарышы керек.

Кыргызчалаган KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: