Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-июлда, Чүй облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Чүй облусунун Панфилов районунун Букара айылындагы орто мектептин абалы жана Жайыл районунун Сосновка айылындагы орто мектептин курулушу менен таанышты. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалымдагандай, Панфилов районунун Букара айылындагы орто мектептин курулушу 1992-жылы башталган.
Мектептин долбоору 350 окуучу орунга эсептелип, «А» блогу 2004-жылы аягына чыгарылган. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Мектеп ашканасы, актылык зал жана спорттук зал «Б» блокто каралган.
2015-жылы 45млн суммасында тендерде курулуш фирмасы жеңип алган, бирок финансылык каражат бөлүнбөгөндүгүнө байланыштуу курулуш иши башталган эмес. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган объект боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.
Андан ары Сооронбай Жээнбеков Жайыл районунун Сосновка айылындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалымдагандай мектептин эски имараты 1970-жылы курулган.
Бүгүнкү күндө 1374 окуучу эки сменада билим алууда. 2014-жылы 250 орунга ылайыкталган мектептин кошумча корпусун куруу башталган. Долбордун сметалык наркы 41млн сомду түзөт.
Өкмөт башчы мектептин азыркы абалын көрүп чыгып, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине аталган окуу мекемесиинин ремонту менен байланышкан каржы маселесин чечүүнү тапшырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ