Гиннес рекорду үчүн даярдалган бешбармак 1464 килограммга жетти
Гиннес рекорддор китеби үчүн жасалган бешбармак 1 тонна 464 кг, ал эми чучук 117 метр болду. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Элнура Кулуева “Азаттык” радиосуна билдирди.
*****
Кытайда президенттик мөөнөткө киргизилген чектөө жоюлду
Бүткүл Кытай эл өкүлдөрүнүн жыйыны Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпиндин ыйгарым укуктарын чектөөнү алып салуу чечимин бекитти. Конституцияга киргизилген өзгөртүү 11-мартта Пекиндеги жылдык жыйында кабыл алынды.
*****
Түркмөнстан президентинин уулу парламенттик шайлоого катышууда
Түркмөнстанда парламенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин кеминде отузу азыркы депутаттар. Алардын арасында өлкө президентинин уулу Сердар Бердымухамедов дагы бар.
*****
Тажикстан менен Өзбекстан 30 күн визасыз катташуу боюнча макулдашты
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон эки өлкөнүн жарандары үчүн 30 күн визасыз жүрүүгө уруксат берген макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин маалымат катчысы кабарлады.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ