Бүгүн, 4-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда экс-башкы прокурор Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот иши болду.
Жабыркаган тараптын адвокаты Рабига Садыкова отурумда фотого жана видеого тартуга уруксаат берүүнү өтүнгөн. Жактоочу судьяны эч ким тартпайт деп ишендирди.
Соттолуучулар Асанэмир Абыкулов жана Эрмек Осмонкулов ошондой эле алардын адвокаттары дагы каршы болушту.
Судья Марат Сыдыков соттолуучулардын дагы бузууга болбой турган укуктары бар экендигин айтып, өтүнүчтү четке какты.
Эске салсак, Улан Саляновду 2017-жылдын 5-ноябрында белгисиз бирөөлөр өлтүрүп, из жашырып кетишкен. Кылмышкерлер анын үйүнөн эч нерсе алышкан эмес. Ал эми шектүү 2017-жылы декабрдын аягында кармалган. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгону маалым болгон жана ал Москвада из жашырып жүрүп, Бишкекке 2019-жылдын май айында алынып келинген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ