“Жаштарга өзгөчө мүмкүнчүлүктөрдү берип, жаңы адистерди тарбиялашыбыз керек. Алар 3 тилдүү болушу керек”, – деген мыйзамды сунуштаганбыз. Ушул мыйзамдын келечеги барбы? Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда «Республика – Ата Журт» парламенттик фракциясынын жыйынында депутат Руслан Казакбаев билдирди.
“2015-жылы «Республика – Ата Журт» партиясы ар бир жарандын жашоосун өзгөртө турган 15 мыйзам деген программа менен чыгып, 28 депутат иштеген. Азыр фракциянын лидери, депутаттар өздөрүнүн баяндамасында айткандай, ушул 15 мыйзамдын 85 пайызы аткарылды. Аны эл аралык уюмдар, фонддор дагы айтып жатышат. Ошондой эле, “Дүйнөдөгү жаңы технологиялар өнүккөн өлкөлөр менен байланыштарыбызды кеңейтишибиз керек. Жаштарга өзгөчө мүмкүнчүлүктөрдү берип, жаңы адистерди тарбиялашыбыз керек. Алар 3 тилдүү болушу керек”, – деген мыйзамды дагы сунуш кылганбыз. Бирок бул мыйзам аягына чейин чыккан жок. Бул мыйзамдын келечеги барбы?”, – деп сурады депутат Казакбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ