“Айыл чарба иштери толугу менен бүттүбү? Дыйкандар толугу менен күйүүчү май, үрөндөр менен камсыз кылындыбы? Бул боюнча күзүндө эч кандай көйгөйлөр болбойбу? Ошондой эле, 7 пайызга чейинки жеңилдетилген насыялар 2019-жылы канча дыйканга берилди? Ал эми 2020-жылы берилеби же жокпу?”,- деп бүгүн, 5-июнда “Республика – Ата-Журт” парламенттик фракциясынын жыйынында депутат Руслан Казакбаев Айыл чарба министринин орун басары Амангелди Исаевден сурады.
“2020-жылкы жазгы талаа иштери боюнча өзүңүздөр билгендей коронавирус илдетине байланыштуу бир аз көйгөйлөр болду. Бирок ага карабастан өкмөттө түзүлгөн штабдын жардамы менен жер-жерлердеги үрөөндөрдү, техникалык шаймандарды жеткирүү боюнча маселеси чечилди. Эч кандай орчундуу көйгөйлөр болгон жок. Ал эми экинчи сурооңуз боюнча жооп берсем. Коммерциялык банктар тарабынан айыл чарба субъектилерине 9977 дыйканга 5 млрд 165 млн сом насыя берилген”,- деп жооп берди Айыл чарба министринин орун басары Амангелди Исаев.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ