“Кыргызстанда парламентаризмдин өнүгүшүнө каршы Текебаевдей эч ким кыянаттык кылган жок. Эч ким. Текебаев өзү уюштурган кутумдар менен парламенттеги күчтүү фракцияларды бөлүп-жарды, премьер-министрдин ролун жерге түшүрүп, босогого олтургузду. Эми тегерегине көрүнгөндүн баарын чогултуп, өлкөдөгү партиялык курулушту талкалоого киришти”, – деп жазды бүгүн, 5-июнда “Үмүт-2020” кыймылынын лидерлеринин бири Нурсултан Акылбек өзүнүн Twitter баракчасында Текебаев, Сариев, Момбеков, Жанар Акаевдердин шайлоого карата биригүүсүн комментариялап.
“Конституциянын атасы өзү жазган Конституцияны өзү талкалап, парламенттик башкаруу формасын сындырды. Текебаевдин көздөгөнү – эптеп эле Ак үйдө болуу. Парламентаризм, партиялык курулуш жана башка идеалдар Текебаевге жана анын жаңы союздаштары үчүн жөн эле куру сөз”, – деп кошумчалады Нурсултан Акылбек.
Отец Конституции сам ломал свою Конституцию, сам поломал парламентскую форму правления. Приоритет Текебаева – присутствие в стенах Белого дома. Парламентаризм, партийное строительство и прочие идеалы для него никакую роль не играют, как и его новоявленным союзникам
— Nursultan Akylbek (@n_akylbek) June 5, 2020
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ