“Өкмөт акыркы жолу мыйзамдарды качан анализдеп чыкты?”, – деп бүгүн, 5-июнда «Республика – Ата Журт» парламенттик фракциясынын жыйынында депутат Марлен Маматалиев суроо узатты.
“Азыркы күндө мыйзамдардын жалпы саны 3 миң 500дөн ашык. Анын ичинен негизги мыйзамдардын саны 450гө жакын. Күчүн жоготуу деп табылган жана Эл аралык келишимдердин ратификация жөнүндө мыйзамдардын саны 1000. Акыркы жолу Жогорку Кеңеште толук мыйзамдарды аткаруу боюнча парламенттик саат болгон. Ошондо өкмөттүн аппараты толук маалымат даярдаган. Биз азыркы учурда “Санариптештирүү жылы” болгондугуна байланыштуу, автоматташтырылган база түзөйүн деп жатабыз”, – деп билдирди Юстиция министри Марат Жаманкулов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ