“Бүгүн түзүлгөн альянсты “Жаңы дем” деп аташыптыр. Балким саясый өлүктөрдү кайра тирилтүү жандалбасы ушинтип жазаланар”, – деп жазды бүгүн, 5-июнда “Үмүт-2020” кыймылынын лидерлеринин бири Нурсултан Акылбек өзүнүн Twitter баракчасында Текебаев, Сариев, Момбеков, Жанар Акаевдердин шайлоого карата биригүүсүн комментариялап.
“Бул альянстын ичинде Райымбек Матраимовду 2015-жылы Оштон алып чыгып, республикалык бажы кызматынын төрагасынын орун басары кылып, кызматка көтөргөн Темир Сариевди көрүү мен үчүн аябай жагымдуу болду”, – дейт Нурсултан Акылбек.
Назвали альянс Новое вдохновение. Видимо так наказывается попытка реанимировать политических трупов https://t.co/GVANuoRgH1
— Nursultan Akylbek (@n_akylbek) June 5, 2020
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ