Биз өзүмчүлбүз. Биз эбегейсиз кең тоо-талааларды толук кандуу, ырааттуу пайдаланмак турсун, айылдын чекесиндеги жайытты толук пайдаланганды билбейбиз. Биздин оюбуз боюнча жалгыз эле менин малым колтойгон жерди тебелеп, тепсеп, ойкелди-койкелди жүрө бериш керек. Килейген Сөң-Көлгө эки райондун эмес, ырааттуу, ынтымактуу, туура колдонсо Кыргызстандын жарым малы батып кетет.
*****
2. Адамкерчиликтүүк качты бизден. Биз сөзүбүз менен эле боорукер, тууганчыл, жердешчил, адамкерчиликтүү болуп калдык. Кыйын болуп кыргызым үчүн өлөм боло калабыз, ишке келгенде айгайлап коңшу тууганыбызды жайытка коёбербей элди мушташка чакырып жатабыз. Эй туугандар! Ошол эки райондун эли бири-бириңерге тууган гана эмес, карапайым, бөтөн эмес элсиңер. Аксакалдар алдыга түшүп сүйлөшүп алгыла жер жүзүнө шерменде болбой.
******
Кыргызга душман кереги жок, кыргыз ушинтип эле жеп коймой болдук бири бирибизди. Жаштар, ушундан үлгү албагыла, айбан чакырыкка көңүл бурбагыла. Уруш, талаш, тытыштан эчким эч качан жыргап кеткен эмес. Уруштан эл-жер жоголуп кеткен.
Илим Карыпбеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ