“Желим баштыктарды өрттөп же бир жерге көмсө болбойбу?” – деп бүгүн, 9-июнда депутат Камчыбек Жолдошбаев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Марлен Маматалиевке суроо узатты.
Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, желим баштыктарды өрттөп же бир жерге көмүү – бул адамдын ден соолугуна өтө зыян алып келет.
“Илимпоздор таштандыларды өрттөө өтө зыян экенин аныктап чыгышты. Анткени өрттөгөндө зыяндуу заттар бөлүнүп чыгып, ал адамга кирип, рак ооруларын пайда кылат. Таштандыларды күйгүзбөй жөн эле жокко чыгарып коюш керек. Эгерде көмүп кое турган болсок, ал жерде 400-500 жыл жата берет. Көмүлгөн жерде эч нерсе өспөй, жаратылышка зыянын алып келет”, – деди Маматалиев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ