Menu

Видео – Дастан Бекешев, ЖК депутаты: “Улуттук китепкананын директору 9 миң, китепканачы 5 миң алса бул уят эле иш”

Бөлүшүү:

“Улуттук китепканада иштеген кызматкерлердин айлыктарын көтөрөбүз деп айтышкан. Министр бул жака келип, аракет кылабыз деген. Азыркы учурда иш кандай болуп жатат?”, – деп бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Дастан Бекешев суроо узатты.

“Мыйзамга өзгөртүү зарылчылыгы – айлыкты көтөрүү маселесинен келип чыгып жатат. Улуттук китепканада иштеген кызматкерлердин айлыгын көтөрөбүз. Азыркы учурда эсептеп койдук. Бир жылга 20 миллиондой акча керек болот экен. Биз ишти баштадык, ушул жылдын аягына чейин аракет кылабыз”, – деп жооп узатты Маданият жана маалымат министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков.

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, Улуттук китепкананын директорунун айлык маянасы 9 миң, ал эми китепканачыныкы 5 миң болсо бул уят эле иш.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: