Menu

Казакстанда президенттик администрациянын мурдагы кызматкери мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты

Бөлүшүү:

Казакстандын президенттик администрациясынын жетекчисинин мурдагы орун басары Баглан Майлыбаев мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты. Ал 2017-жылы «мамлекеттик сырлар тууралуу» иш боюнча беш жылга эркинен ажыратылган.

Нур-Султандагы тергөө абагында камакта отурган Майлыбаев 30-майда эле эркиндикке чыккан, бирок бул тууралуу эми гана белгилүү болду. Ал камакта дагы бир жыл, төрт ай жана 21 күн отурушу керек эле.

Баглан Майлыбаевдин атасы абактан чыккан уулунун абалы жакшы экенин билдирди.

Майлыбаев президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары кызматынан 2017-жылы 12-январда бошотулган. Бир нече күндөн кийин «Мамлекеттик сырларды мыйзамсыз топтоо жана таратуу» беренеси боюнча шектелип камакка алынган.

Майлыбаев президенттик администрацияда 2011-жылдан бери идеологиялык тармакты жана ички саясат маселелерин көзөмөлдөчү. Анын иши боюнча сот отуруму жабык өтүп, мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыратылган. Мындан тышкары анын өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган. Иштин материалдары ачык жарыяланбагандыктан, анын кимдин кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик сырларды топтоп жүргөнү белгисиз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: