Menu

Жанар Акаев: “КТРК “Жаңы дем” альянсынын биригүүсүн көрсөтпөй койду, эми башкаларды көрсөтө турган болсо, баары отставкага кетиши керек”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчёту каралды. Анда депутат Жанар Акаев эгерде КТРК башка партиялардын, башка саясий биригүүлөрдүн бир жаңылыгын көрсөтө турган болсо, баары отставкага кетиши керек экенин билдирди.

“КТРКны коомдук, эркин, адилеттүү, калыс телеканал кыла алдаңырбы? Андай кыла алган жоксуңар. Коомдук деген сөз бийликтики эмес, бул коомдуку. Азыр интернет абдан өнүккөн. Элдин барында уюлдук телефондор бар. Бул каналга азыркы учурда муктаждык жок. Бирок ошентсе дагы биз “Бийликтин тушундагы саясат өзгөрдүбү?” – деген маселени текшериш үчүн жакында бир саясий альянс түзүлгөндө биз сиздерге ошону 3 мүнөттүк сюжет кылып көрсөтүүнү суранганбыз. Көрүү акылуу боло тургандыгын билдирдиңиздер. Биз макул болдук. Менде 176 миң сом төлөндү деген КТРКнын квитанциясы бар. Бирок кечинде тилекке каршы кокусунан сюжетти көргөзө албайбыз деп айттыңар. Мен БШК кайрылдым, биз тараптан мыйзам бузуу болбогондугу аныкталды. Мыйзамга ылайык сюжетти көрсөтүшүңүз керек болчу. Азыр сурасам калпыңар чыгат. Элдин көзүнчө силерди уят кылбайын деп жатам. Эми мындан ары башка партиялардын, башка саясий биригүүлөрдүн бир жаңылыгын көрсөтө турган болсоңор, баарыңар отставкага кетишиңер керек. Мен ошону талап кылам”, – деди депутат Жанар Акаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: