Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Июнь окуясында каза болгондордун туугандары жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июнда, Ош шаарында Июнь окуясында каза болгондордун туугандары жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Мамлекет башчысы менен болгон жолугушууга «Бирдиктүү эл», «Ош окуясында дайынсыз балдардын энелери», «Шейиттер биримдиги», «Ош окуясынын дайынсыздары», «Түштүк коогалаңынын шейиттеринин Өчпөс от» сыяктуу  коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков аларга дагы бир жолу көңүл айтып, туугандары менен жакындарынан ажыроо көп жыл өтсө дагы оор  кабылданган орду толгус жоготуу болуп кала берерин белгиледи.

Көп улуттуу Кыргызстан үчүн этностор аралык ынтымакты сактоо өтө маанилүү маселе экенин дагы бир жолу белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары учурдагы коомдук-саясий кырдаалга, өлкөдөгү улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө тиешелүү маселелерди көтөрүшүп, Ош шаарынын мэри менен Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишмердүүлүгүнө канааттанууларын билдиришти. Ошондой эле жеке мүнөздөгү суроолор дагы берилип, жооптор алынды.

Алар Мамлекет башчысына жеке көңүл буруусу жана жылуу маанайда өткөн баарлашуусу үчүн ыраазычылык билдиришип, анын өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган ишине ийгиликтерди каалашты. Президент жолугушуунун катышуучуларына алардын сабырдуулугуна жана туугандары менен жакындарын жоготконуна карабастан, жашоого болгон ишенимин жоготпой, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп жатышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Кыргызстан ушундай жарандары менен күчтүү экенин баса белгиледи.

Каза болгондорду эскерүү менен катар өлкөнүн мындан аркы өнүгүшү үчүн биргелешип аракеттенүүгө чакырды.

Мамлекет башчысы аларга дагы бир жолу бакубаттуулук жана бекем ден соолук каалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков алар тарабынан айтылган маселелерди чечүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин көңүл борборунда экенин баса белгиледи.

Ушул эле күнү Президент Сооронбай Жээнбеков “Интербилим” коомдук бирикмесинин түштүк өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева менен жолугушту.

Соттук-укуктук реформанын, жер-жерлерде санарип трансформациясынын ишке ашырылышы, мыйзамсыз курулуштар, анын ичинде “Сулайман-Тоо” комплексинин аймагындагы маселелер жөнүндө пикир алышуу болду. Гүлгаакы Мамасалиева үйлөрү түртүлүп кеткен жарандардын укуктарын коргоо маселесине көңүл бурду.

Ал өлкөдөгү реформаларды алга жылдыруу иши Мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө болушу керек деген оюн айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков соттук-укуктук реформалардын, өлкөнү санариптештирүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация долбоорлорун ишке ашыруу артка кайткыс мүнөз алгандыгын жана анын жеке көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.

Буга чейин белгиленгендей, айтылган маселелердин бардыгы ишке тартылган мамлекеттик органдар тарабынан эске алынат.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: