Menu

Еврокомиссия Орусия менен Кытай коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан деп шек саноодо

Бөлүшүү:

Европа комиссиясы Орусия менен Кытай коронавирус пандемиясы тууралуу Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө каршы багытталган жалган маалыматтарды таратуу өнөктүгүн уюштурган деп шек саноодо. Бул тууралуу мекеменин 10-июнда жарыяланган баяндамасында жазылган.

Анын авторлору Орусия менен Кытай максаттуу түрдө Европада жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жалган маалымат таратуу жана элдин аң-сезимине таасир этүү өнөктүктөрүнө катышып жатканын белгилешкен.

«Пандемия жалган маалымат олуттуу зыян алып келип, ал эмес жарандарды өлтүрүп да коюшу мүмкүндүгүн көрсөттү. Ал илдетке каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чараларга карата ишенимди жокко чыгарып коюшу ыктымал экен», — деди Еврокомиссиянын европалык баалуулуктар боюнча төрага орун басары Вера Юрова.

Документте ЕБ үчүнчү өлкөлөрдөгү жарандык коом субъектилерине, көз карандысыз ЖМКларга жана журналисттерге жардамды көбөйтүп, колдоону күчөтө тургандыгы жазылган. Мындан тышкары биримдик социалдык түйүндөр менен онлайн-платформаларды фактыларга кошумча көңүл буруп, аларды текшерүүгө чакырат.

Евробиримдик апрелдин башында да Орусия менен Кытайды жалган маалымат таратууга айыптаган. Анда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москванын дарегине айтылган дооматтар негизсиз экенин билдирген. Кытай да айыптоолорду четке каккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: