Menu

Бишкекте сот сүйүктүүсүн уурдап кетип, аны ур-токмокко алып, үйүндө күч менен кармаган эркек кишинин жаза мөөнөтүн кыскартты

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык соту адам уурдоо, уруп-сабоо жана аялдын эркине каршы кармоо боюнча соттолгон кишинин өкүмүн кыскартты. Бул тууралуу жарлык Жогорку соттун сайтында жарыяланды.

Нурбек (аттар өзгөртүлдү) кызды уурдап, үйдө күч менен кармап, сабаган деп айыпталган. Сот биринчи инстанцияда 5 жылга эркинен ажыраткан. Соттун аныктамасына ылайык, 2019-жылдын 6-ноябрында Жибектин эркине каршы Нурбек ижарага алынган “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаага салып, аны “Көк-Жар” жаңы конушундагы талаага алып барган. Ал жерден Нурбек Жибекти сабап, андан кийинденесинен ошол эле жаңы конуштагы үйүнө алып, сабап, өлтүрүп салам деп коркуткан. Үйдө ал аялды күч менен 3 күн кармаган. Жибек дааратканага баруу керек деген шылтоо менен качып кутулган.

Биринчи инстанциянын чечимине айыпталуучунун адвокаты даттанган. Ал аппеляциялык арызда Нурбек менен Жибек аялы күйөөсү болуп 4 айдай жашап жатат деп жазган.

Соттук териштирүү учурунда Нурбек өзүнө коюлган айыпты жарым-жартылай мойнуна алган. Анын айтымында, ошол күнү чогуу жашап жүргөн Жибек ага чалып, жумушуна келүүнү суранган. Ал жактан Жибек кесиптештери менен тааныштырган. Андан соң “Көк-Жардагы” ижарага алган батирине барышып, спирттик ичимдик ичишкен.

Нурбек Жибектин улуу баласы унаасын уурдап кетип, талкалаганы үчүн, ошондой эле кызганычтан улам сабагандыгын айтты. Жибек денесинен жаракат алгандыктан, милицияга кайрылышы мүмкүн деп коё бербей койгон.

Сот жараянында жабырлануучу Нурбек өзү телефон чалып, жумушуна келип, “телефон чалсам жооп бербейсиң” деп корустон болуп, Жибектин кесиптештерине да оройлонгон. Анын айтымында, айыпталуучу аны күч менен машинага сүйрөп салып, “Көк-Жар” тарапка алып кеткен. Жолдо ал телефонун сындырып, талаага алып барган. Ал жерден Жибек башына уруп, бутунан тепкилеп, өлтүрөм деп коркуткан. Андан кийин ал Жибектин муунтуп, анын күйөөсүнө телефон чалып, аны да өлтүрө тургандыгын айткан. Бир аз соолуккандан кийин Жибектин жүзүн көрүп, коркуп кетип, аны үйүнө алып барган. Үйүнөн дагы сабаган.

Андан кийин, Нурбек Жибекти бошотуп койсо, анда ал арыз жазат деп, анын бетиндеги бардык көкалалардын кетишин күтүп кармап турган. Ал качып кетүүгө аракет кылган, бирок Нурбек бөлмөнү ачкыч менен бекитип койгон. Экинчи күнү гана ал аны көчөдөгү дааратканага барууга суранып чыгып, качып кеткен.

Күбөлөр Нурбек өзүн Жибектин досу деп тааныштырып, аны жакшы көрөрүн айтканын билдиришкен. Андан кийин алар унаа менен белгисиз тарапка кетишкен.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, Жибек башынан оор жаракат, баш мээси чайкалып, бети-башы, колу жана жамбашына көкала болгон.

Бишкек шаардык сотунун сот коллегиясы Октябрь райондук сотунун өкүмүн өзгөртүү керек деген чечимге келди: алар төрт жылга эркинен ажыратуу мөөнөтүн аныкташты. Мунапыс жөнүндө мыйзамга байланыштуу, жаза мөөнөтү жарымысынан кыскартылышы керек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: