Menu

Видео – Төрөбай Зулпукаров: “Улуттук банктын отчётубу же төраганыкыбы же редакциялык кеңештикиби?”

Бөлүшүү:

“Бизге берген отчёт банктын отчётубу же төраганыкыбы?” – деп сурады депутат Төрөбай Зулпукаров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдон бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында.

Толкунбек Абдыгулов: Улуттук банктын төрагасы отчёт берип жатат.

Төрөбай Зулпукаров: Отчёттун ичин ачып окудуңуздар да. Бул жерде редакциялык кеңеште сиздин атыңыз жок болуп жатпайбы.

Толкунбек Абдыгулов: Процедура боюнча жылдан жылга ушундай болуп келет. Редакциялык кеңеш отчётту басылмага даярдайт: сандарды тактап, кыргыз тилиндеги сүйлөмдөрдү тактап, иш жүргүзүлөт.

Төрөбай Зулпукаров: Ички процедураларыңыздар боюнча иш алып бара берсеңер болот. Бирок, биздин регламенттин 101-беренеси, Конституциянын 74-беренесинде КР Улуттук банкынын төрагасы ЖКнын астында отчёт берет деп жазылып турат. Эгерде Улуттук банк отчёт берсе, коллективдүү келип отчёт берет элеңиздер. Сиздер берген материалдардын бизге тиешеси жок болуп калып жатат. Отчётто Улуттук банк деген да жазуу жок. Кыргыз банкы, финансылык отчёт деп жазып коюптур. Ушуларды эске алып койсоңуздар. Эртең бул отчётко жоопкерчилик келип, ичинде бири-бирине каршы маалыматтар болуп калса, отчёттун жоопкерчилиги болбойт. “Жок, меники эмес деп, качып кеткенге мүмкүнчүлүк бар”. Бул жерде автору жок. Банктын аты аталган эмес. Сиздин фамилияңыз жазылган эмес. Мындайча айтканда, отчёт көркөм адабиятка окшоп калган. Ушунда маселелерге көңүл буруп, карасыңыздар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: