Ырчы Айдана Дека официалдуу түрдө жолдошунун фамилиясына өттү. Бул тууралуу кечээ, 14-июнда Аваз Акимов Инстаграмдагы социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
“Айдана официалдуу түрдө Акимова болду. Жаңы паспортуң менен сени куттуктайм”, – деди ырчы Акимов.
Белгилей кетсек, ырчы Айдана Дека буга чейин интервьюлардын биринде Аваздын фамилиясына өтөөрүн айткан. Бирок ал, сахнада мурдагыдай эле “Айдана Дека” – деген ысым менен ырдай турганын белгилеген.
Эске сала кетсек, жылдыздуу түгөйлөр Аваз Акимов менен Айдана Дека 2019-жылдын 16-мартында баш кошушкан. Азыр бир кыздын ата-энеси.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ