Menu

WSJ: Швейцария прокуратурасы Гүлнара Каримованы суракка алды

Бөлүшүү:

World Street Journalдын (WSJ) маалыматына караганда, Швейцария прокуратурасы коррупция боюнча тергөө иштерине байланыштуу Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримованы суракка алды. Басылманын суракка катышкан юристке шилтеме кылып билдиришинче, жолугушуу Каримова үй камагында жаткан Ташкентте өткөн.

Каримованын Швейцария бийлиги тарабынан дайындалган адвокаты Грегуар Манжеанын билдиришинче, прокурорлор экс-президенттин кызы менен өткөн жылдын 9-10-декабрь күндөрү эки жолу жолугуп, сурак жалпысынан 23 саатка созулган. Айтымында, Каримованын «саламаттыгы жакшы, бирок коопсуздугуна кепилдик жок». Анын башкалар менен, анын ичинде балдары менен да сүйлөшүүсүнө тыюу салынган.

Гүлнара Каримова 2014-жылдан бери эл алдына чыкпай калган. Ал өткөн жылдын сентябрында көз жумган атасынын тажиясына да катышкан жок. Анын Өзбекстан бийлигиндеги жогорку кызматтагы адамдардын дарегине ушак сөздөрдү айткандан кийин кармалып, үй камагына алынганы кабарланган. Ошол эле жылы Швейцария коррупция жана акчанын изин жашыруу айыптары боюнча ага каршы кылмыш иши козголгонун билдирген.

Каримованын Өзбекстандагы келишимдер үчүн пара берүүгө айыпталып жаткан бир канча компанияга байланышы бар экени да айтылып келет. Тергөөнүн алкагында Швейцария бийлиги анын 650 миллион евро өлчөмүндөгү каражатынын кайдан келгенин тактоо үчүн банктагы эсебин тоңдурган. WSJ белгилегендей, бул Каримова өзбек бийлиги тарабынан кармалгандан берки ал тууралуу алгачкы ишенимдүү маалымат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: