Menu

Премьер-министрлик кызматка Кубатбек Бороновдун талапкердиги утуп кетиптир

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-июнда КР Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматына кайрылып, Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасынан кийин премьер-министрлик кызматка кудаланып жаткан талапкерлердин: Узарбек Жылкыбаев, Эркин Асрандиев, Азиз Суракматов, Кубатбек Бороновдун ысымдарын атап, кимисинин “ити чөп жеп” турганын сурасак, “баарынын эле аттары аталууда, эртең так билинет” деп тайсалдаша жооп беришти. Бирок жеке булактар премьер-министрлик кызматка Кубатбек Бороновдун талапкердиги утуп кеткенин ишендиришүүдө.

“КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда Кубатбек Бороновду “Премьер-министрдин милдетин аткаруучу” деп статусун өзгөчө белгилеп кабыл алып, өлкөдөгү абалды талкуулады. Анын үстүнө мурунтан эле “Мухаммедкалый  Абылгазиев шайлоого бийликтин партиясын жетектеп кетип, ордуна Кубатбек Боронов калат” деген сөздөр чыгып жаткан. Бирок ал картаны УКМКнын коррупцияга каршы кызматы таап чыккан радиожыштык боюнча коррупциялык схема бузуп койду. Эгер Абылгазиевдин кылмышы далилденсе президент анын дос экенине карабай, Сингапурдун лидери Ли Куан Ю сыяктуу каматып жиберет… Акыркы маалымат боюнча бийлик Кубатбек Бороновдун талапкердигине токтоду. Эртең башкаруучу коалиция карап, бекитип берсе, бүрсүгүнү, 17-июнда Кыргызстан жаңы премьер-министрлүү болот”, – деп ишендирет билермандар.

Булак: Kyrgyztoday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: