Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия шайлоо күнүнө баннерлерди басып чыгарууга тендер жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн сатып алуулар порталы кабарлады.
Анын айтымында, БШК бул максаттарга 2 миллион 132 миң 100 сом коротууну пландап жатат. Баасы дизайнды да камтыйт.
Эске салсак, жергиликтүү шайлоо Ош, Каракол, Балыкчы, Майлуу-Суу, Токмок жана 25 айыл кеңештеринде 12-апрелде өтүшү керек болчу, бирок коронавирустук инфекциянын жайылуу коркунучу болгондуктан, алар белгисиз мөөнөткө жылдырылган.
Шайлоо кампаниясына катышуу үчүн 22 саясий партия арыз берген. Мындан тышкары, жетинчи чакырылыштагы парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ