Кечээ, 15-июнда эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова дагы саркеч көйнөк кийген сүрөттөрүн Инстаграмдагы баракчасына жүктөдү.
Ал “Чыгыш жомогу” деген билдирүүнү калтырган. Ошондой эле, бул сүрөттөрдүн автору фотограф Галина Бокова.
Көпчүлүк балбан кызды спорттук форма менен көрүп көнүп калганы үчүн анын көйнөк кийген сүрөттөрүнө суктанышууда. Ошондой эле алар соцтармакка билдирүүлөрдү калтырган.
“Чачыңызды өстүрүп, артка байласаңыз мындан дагы сулуу болосуз”, – деген колдонуучу.
Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин да Айсулуу Тыныбекова көйнөк кийген сүрөтүн жарыялаган. Аны адатта чанда гана фотосессиялардан көйнөкчөн көрүүгө болот.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ