Биринчи вице-премьер-министрлик кызматка депутат Алмазбек Баатырбековдун талапкерлиги сунушталды. Бул тууралуу журналисттерге Жогорку Кеңештен маалымдашты.
Маалыматтар боюнча, бүгүн коалициялык кеңештин жыйынына чейин парламенттик көпчүлүктүн курамына кирген фракциялардын лидерлери чогулушту. Алар премьер-министрликке Кубатбек Бороновду жактырышып, биринчи вице-премьер-министрликке “Кыргызстан” партиясынан ЖКнын депутаты Алмазбек Баатырбековду сунушташкан.
Белгилей кетсек, күн мурун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. Бүгүн КР президенти Сооронбай Жээнбеков Абылгазиевдин отставкасын кабыл алды.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ