Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңеште Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйыны болуп өттү.
Анда депутат Рыскелди Момбеков КРнын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Адилет Абыловго “шыр окуганды үйрөнүп келбейсизби” деп сындады.
“Сиз баяндамачы жок дегенде шыр окуганды үйрөнүп келбейсизби? Силерде деле бар турбайбы, бизде эле экен десем. Палатага чыкканда, ушинтип окусаңыз оңбой каласыз”, – деп уяткарды депутат Рыскелди Момбеков.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ