Бүгүн, 16-июнда парламенттик коалиция Кыргыз Республикасынын Премьер-министрлик кызмат ордуна Кубатбек Бороновдун талапкерлигин кароодо.
Коалициялык көпчүлүктүн алдында баяндама жасаган Кубатбек Боронов Өкмөт мүчөлөрүндө ири өзгөрүү болбогондугун белгилеп, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына “Жогорку технологиялар паркынын” башчысы Алтынбек Исмаиловдун талапкердигин сунуштады.
Ал эми депутат Аида Касымалиева Алтынбек Исмаиловду жаш жана прогрессивдүү талапкер катары колдой турганын билдирип, бирок ал өзү ким экенин тааныштырып койсо деп суранды.
“Мен IT технология боюнча адисмин, бейөкмөт уюмдарда иштегем, АКШнын Колумбия университетин мамлекетти башкаруу адистиги боюнча бүтүрүп келип, Борбор Азиядагы Америка университетинде мугалим болуп иштегем, 2018-жылдан тартып “Жогорку технологиялар паркынын” башчысы болуп иштеп келдим”, – деп тааныштырды өзүн Алтынбек Исмаилов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ