Menu

Канат Садыков, КУУнун ректору: Улуттук университетте келишим акысы 44 миң сомду чапчыды

Бөлүшүү:

– Канат мырза, окуу жайлар арасында абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгү башталды. Бүгүн билим берүүнүн флагманына айланган улуттук университетибиз студенттердин саны жана материалдык жагынан башка окуу жайлардан ат чабым артка калып жатканы сөз болууда. Мындай шартта катарыңарга калыңыраак студенттерди тартуу үчун кандай иш-чараларды көрүп жатасыздар?

– Эң оболу, бул көрүнүш университеттин аброюна жараша болот. Азыр жогорку билим алууда абитуриенттер университеттерди өздөрү тандашат. Ал эми береги сиз айткан «улуттук университет студенттердин саны менен материалдык жагынан артта калды» деген пикирлерге кошула бербейм. Биздин өзүбүздө да анализ бар да. Маселен, жалпы ЖОЖдор арасындагы студенттердин саны боюнча абал 2010-жылы 320 миң, 2012-жылы өлкө аймагы боюнча 312 миңден ашуун көрсөткүчтө болсо, азыркы учурда жогорку билим алып жатышкан студенттердин саны Кыргызстанда 116 миңге түшүптүр. Азыр жаштардын жогорку билимди Кыргызстандын ичиндеги ЖОЖдордон алуу тенденциясы жыл сайын азайганын байкасак болот. Бул жерден бир факты бар, башталгыч кесиптик билимдерге, тагыраагы, лицейлерге жана техникалык, курулуш багытындагы орто кесиптик билимге агылган абитуриенттердин саны колледждерде көбөйүүдө. Биздин улуттук университетибиздин колледжине келип жаткан абитуриенттердин саны да жыл санап көбөйүп жатат. Мисалы, өткөн жылы биз күндүзгү бөлүм менен магистратурага кабыл алган студенттердин саны 5 миңге жакын болуп, жылдагыга караганда азайганы көрүнүп жатат. Анан калса, буга чейин биздин окуу жайдан 5 жылдык күндүзгү мөөнөттө жана 6 жыл сырттан окуу бөлүмүндө окушкан студенттер бүтүп кетишкен соң биздин куттуу окуу жайыбыздан окугандардын саны азайып, эки жылда эки жарым миң студентке чейин түшүп кетти. Мындай көрүнүш жалгыз эле биздин КУУга мүнөздүү эмес. Биздин окуу жайга кээ бир адистиктер боюнча орундарга студенттер толбой калган жагдайлар болгону менен бай тарыхы бар салттуу факультеттерибизде негизги орундар толугу менен толуп, жакшы нукта иш алып бара жатабыз. Бизде жалпы 23 факультет бар. Мындай сандагы факультеттер башка университеттерде жок. Өзгөчө заман талабына шайкеш келген маалыматтык технологиялар жана компьютер боюнча адистерди даярдаган факультетибизге келген абитуриенттердин катары жыл сайын калыңдап, бир орунга ондон ашууну ат салышууда. Ошол эле география, экология жана туризм факультети тиешелүү кафедралары менен камсыз болушкан. Ал эми жалпы окутуучу, профессор, мугалимдерибиз өлкө аймагындагы окуу жайлар арасынан бийик деңгээли менен айырмалангандыгын баса белгилеп айта алам. Азыр да башкы аракетибиз студенттерибизге берип жаткан билимибиздин сапатына өзгөчө көңүл буруп, сырттагы базар экономикасы эмнени талап кылса, ошол жагдайларды да эске алып жатабыз. Ж.Баласагын атындагы КУУнун теориялык жактан билим берүү деңгээли жогорку сапатта экендиги жакында болуп өткөн аккредитацияда дагы бир жолу тастыкталды. Алдыдагы стратегиялык пландарыбызга бүтүрүүчүлөрүбүз сөзсүз түрдө 1 чет тилин, ага удаа мамлекеттик жана расмий тилди бирдей өздөштүрүп чыгуусуна жетишүүгө максат коюп жатабыз.

Убагында куттуу окуу жайдын ректорлугуна талпынгандар кызматка келерде мугалимдер үчүн үй куруп берип иймекчи болушканын жарыялап ийишчү. Кийин алардан үй эмес, университетке таандык жерлерди акчалууларга пулдап жибергенге чейин барганын кайда катат элек? Сиздин ректор болуп келгениңизге бир жылдан ашты. Бул аралыкта берген убададарыңыздын канча бөлүгүн ишке ашырганга жетиштиңиз?

– Мен КУУнун ректорлугуна келерде айрымдарчылап мугалимдер үчүн үй куруп берүүнү убадалаган эмесмин. Былтыркы жылы жалпы жамаат астындагы негизги убадаларымдын бири болуп өзүбүздүн окуу структурабызды аягына чейин классикалык багытта университет кылганга аракет кылгам. Биздин окуу жайдын эң негизги окутуу методикалык процессинин түпкү ядросу бул – кафедра. Өткөн жылы биз окуу жайдагы 75 кафедра башчыларынын шайлоосун өткөрдүк. Жакында дагы айрым кафедра башчыларынын шайлоосу болот. Бизде факультеттер, алардын астында билимдүү, сапаттуу кадрлар менен камсыз болгон кафедралар окуу процессии көзөмөлдөө жагынан толук кандуу ишке киришип жатышат. Буга чейинки түзүмүбүздө институт, анын алдындагы ар кандай багыттагы программалардан куралган түзүм болуп жатып, өтө чачыранды болуп кеткен. Мен ректор болуп келгенге чейинки 2-3 жыл аралыгы университетте өтө кризистик абал өкүм сүрүп турган. Вертикалдык башкаруу жагы да көңүлгө көп толбой турган. Ушул жагына көңүл буруп, мындан ары сапат жагына басым жасоону максат кылып турам.

– Улуттук университетибизде студенттерди кабыл алуу өнөктүгүндө эл үчүн эң маанилүү маалымат андагы келишимдик акынын баасы болот эмеспи. Учурда келишимдик негизде окутан студенттердин эң жогорку жана эң төмөнкү баасы канча болуп жатканынан окурмандарды кабардар кылып койбойсузбу?

– Бүгүн биздин окуу жайдан келишимдик негизде билим алып жаткандар үчүн эң жогорку баа 44 миң сомду түзүүдө. Бул өтө деле жогору баа эмес. Магистратура багытындагы окутан баардык студенттерибиз үчүн да келишимдик бааны 40 миң сомго көтөрдүк. Ал эми келишимдик негизде окуган студенттерибиз үчүн эң төмөнкү баа 30 миң сомду түзсө, колледждерибизде окугандар үчүн төлөмдөр 33 миң сомдун айланасында болууда.

Калыгул Бейшекеев

Булак: “Азия ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: