Бишкекте мэрия кафелерди жана кичи автобустарды 2 миллион сомдон ашык акчага айыпка жыкты. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, акимиаттардын мобилдик топтору мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана Бишкек шаарынын мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте ар бир ишкердик субъектин кыдырып, ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, коомдук транспортторду текшерип жатышат.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери 791 санитардык ченемдерди бузгандарды аныкташты. Айып пулдардын жалпы суммасы 1 миллион 289,5 миң сомду түздү.
“Бүгүнкү түндө эле санитардык-экологиялык инспекция 34 кафе жана ресторандарды кыдырып, алты эреже бузууларды аныктады, алар боюнча 27 миң сомго протокол түзүлгөн”, – деди мэриядан.
Кичи автобустардын айдоочуларына карата 98 протокол түзүлүп, айып пул 98 миң сомду түздү. Дагы жеке компаниялардын жетекчилерине карата 9 протокол түзүлдү. Айып пулдун өлчөмү 117 миң сомду түздү”, – деп билдиришти мэриядан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ