Menu

Евробиримдик Крымга байланыштуу Орусияга киргизилген санкциялардын мөөнөтүн узартты

Бөлүшүү:

Европа биримдиги (ЕБ) Крым жарым аралынын аннексиясына байланыштуу Орусияга каршы киргизилген санкциялардын мөөнөтүн бир жылга узартты. Бул тууралуу Европа кеңеши билдирди.

Чектөөлөр жарым аралдын экономикасына, анын ичинде туристтик кызматтарды көрсөтүү тармагына инвестиция салууга тыюу салат. Өз кезегинде Крымдагы ишканалар өндүрүмдөрү менен жаратылыш ресурстарын Евробиримдиктин аймагына импорттой алышпайт.

Орусия Крымды 2014-жылы, жарым аралга орусиялык аскерлер киргизилип, Украинанын мыйзамдарын бузуу менен өткөрүлгөн референдумдан кийин каратып алган. Батыш өлкөлөрү муну эл аралык укуктук нормаларды бузуу катары эсептеп келишет.

Крымдын аннексиясына байланыштуу АКШ менен ЕБ өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды киргизишкен. Андан бери бул чектөөлөрдүн мөөнөттөрү бир нече жолу узартылган. Москва жарым аралдын Орусияга кошулушун «тарыхый адилеттүүлүктүн орношу» катары сыпаттап келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: