Menu

Балбак Түлөбаев: “Мэриянын аппаратында иштеген 2 адам коронавирусту жуктуруп алды. Абайлайлычы!”

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын дагы бир кызматкери коронавирус инфекциясын жуктурду. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда шаардык мэриянын аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаев билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин мэрия бир кызматкерден коронавирус инфекциясы аныкталганын тастыктаган.

Өргүүдө жүргөндө башкы бухгалтер жана уюштуруу бөлүмүнүн башчысы жуктуруп алганы белгилүү болду.

“Мэриянын аппаратында иштеген 2 адамдан бул илдет чыкты. Башкы бухгалтерибиз үйүндө эс алууда болчу.
Уюштуруу бөлүм башчысы дагы үйүндө. Азырынча жеңил өтүп атат. Калаа башчыбыз Азис Суракматов жана менин анализим таза чыкты. Ошого карабай дүйшөмбү күнгө чейин жарандарды кабыл ала албайбыз. Аралыкта иштеп атабыз. Бет кап кийгиле, аралыкты сактагыла, санитайзер колдонгула. Жабык жерлерден, эл көп чогулган жерлерден качкыла. Көр оокат деп жүрүп кокустап калбайлы. Оору ылгабайт, эч кимди тандабайт. Абайлайлычы!”, – деди Түлөбаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: