Бишкектин Ленин райондук салык инспекциясынын 14 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
Алардын сырткары инспекциянын 7 кызматкеринин анализи шектүү чыгып, кайрадан анализ алынды.
Коронавирус табылган 14 кызматкердин бешөөсү үйүндө иштеп жүрүп, бирөөсү эмгек эргүүсү учурунда илдетти жуктуруп алган.
Эми Ленин райондук салык инспекциясынын бардык кызматкерлеринен коронавируска карата анализ алынып, мекеменин имараты бүт бойдон дезинфекцияланды.
Бирок инспекция мурдагыдай режимде эле иштеп жатат. Болгону коронавирустун алдын алуу боюнча санитардык-гигиеналык профилактикалык чаралар күчөтүлдү.
Мекемеде санитайзерлердин саны көбөйтүлүп, келген адамдардын дене табы текшерилип, имараттын ичин жууп-тазалоонун саны эки эселентилди. Имаратка адамдардын саны чектеп киргизилип, алардын социалдык аралыктары тыкыр көзөмөлгө алынууда.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ