Коомдук транспортто коронавирустук инфекцияны жугузуп алуу тобокелдиги чоң. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, коомдук транспорттун иштешин чектөө маселеси кеңири талкууланып жатат.
“Бул вирусту кайдан жуктурганы белгисиз болуп жаткан учурлардын көптүгүнө байланыштуу. Коомдук транспорт коронавирус инфекциясы жугушу мүмкүн болгон жерлердин бири. Коомдук транспортто санитардык эрежелер сакталбай жатат. Биздин жарандар кабыл алынган чектөөлөргө түшүнүү менен карап, кайдыгерликке барбайт деп ишенем”, – деди Үсөнбаев.
Белгилей кетсек, бүгүн, 21-июнда коронавирусту жуктуруп алган жаңы 170 учур катталды. Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 3151. Илдеттен 2011 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылган. Каза болгондордун саны 37.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ