Бүгүн, 21-июнда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык, Тажикистан Респубикасынын Тоолуу-Бадахшан облусунун Мургаб жана Лахш (Жергетал) райондорунда жашап жаткан этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде ӨКМ тарабынан 9 бирдик жүк ташуучу автоунаасына төмөндөгүдөй товардык материалдык баалуулуктар жүктөлүп, Ош шаарынан чыгып кетти:
Лахш (Жергетал) району:
– 100 тонна биринчи сорттогу буудай уну;
– 2000 даана одеяло;
– 300 куту тазалык каражаттары.
Мургаб району:
– 100 тонна биринчи сорттогу буудай уну;
– 2000 даана одеяло;
– 250 куту тазалык каражаттары.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорудагы буйругуна ылайык Афганистан Ислам Республикасынын Чон жана Кичи-Памиринде жашап жаткан этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында ӨКМ тарабынан 4 бирдик жүк ташуучу автоунаасына төмөндөгүдөй товардык материалдык баалуулуктар жүктөлүп чыгып кетти:
Чон-Памир:
– 12,5 тонна биринчи сорттогу буудай уну;
– 500 даана одеяло;
– 100 куту тазалык каражаттары;
– 5 тонна жергиликтүү күрүч;
– 1250 литр өсүмдүк майы;
– 10 куту медикаменттер.
Кичи-Памир:
– 12,5 тонна биринчи сорттогу буудай уну;
– 500 даана одеяло;
– 100 куту тазалык каражаттары;
– 5 тонна жергиликтүү күрүч;
– 1250 литр өсүмдүк майы;
– 10 куту медикаменттер.
Гуманитардык жардамды коштоо үчүн экспедициянын улугу КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысынын орун басары полковник Рыскелдиев Алмаз координациялайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ