Сибирь Федералдык округунан 200 студент мекенине кайтып келүүнү күтүп жатышат. Бул тууралуу активист Чолпон Узакбаева кечээ, 21-июнда Фейсбук баракчасына жарыялады.
“Алардын арасында менин жээним бар. Баарынын акча каражаты жана чыдамдуулугу түгөнүүдө. Туугандарынын жана жакындарынын колдоосу жана жардамы жок, башка мамлекетте жалгыз калган балдарды ойлоп тынчсыздана беребиз”, – деди ал.
Чолпон Узакбаева кошумчалагандай, туугандары балдарына үч ай күтүү керектигин айтышып, чындыгында муктаж болгон адамдардын Кыргызстанга кайтып келишин түшүнүп мамиле кылышкан. Ошондой эле жатаканада Кыргызстандан келген студенттер гана калып, калган студенттер чыгарылып кетиптир”, – деди ал.
https://www.facebook.com/cholpon.uzakbaeva/posts/3004562062946926
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ