Бишкектеги аймактык шайлоо комиссиясынын жетекчиси Кайрат Маматовдон коронавирус аныкталды. Бул тууралуу ал кечээ, 21-июнда өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
“Ооруп калдым, мен үйдө жатам. Ооруканаларда орун жок. Вирустун экинчи толкуну дагы келди”, – деп жазган ал. Ошондой эле тойдо болбогонун кошумчалады.
Белгилей кетсек, кечээ, 21-июнда коронавирусту жуктуруп алган жаңы 170 учур катталган. Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 3151. Илдеттен 2011 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылган. Каза болгондордун саны 37.
https://www.facebook.com/100005852776722/posts/1508854115986333/?d=n
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ