Menu

Садибаккас ажы Доолов Чубак ажы Жалиловдун ордуна Аалымдар кеңешинин курамына кирди

Бөлүшүү:

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин 20-июнда жыйын өткөрүп, кеңештин айрым мүчөлөрү онлайн режиминде байланышта болушту. Бул тууралуу Кыргызстан дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө бир нече маанилүү маселелер каралып, чечимдер кабыл алынган, тактап айтканда, айрым сатып алууларга, иш сапарларга жана чыгымдарга чектөө киргизилди.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши Чубак Жалиловдун кеңештен чыгуу жөнүндө арызын жактырды. Анын ордуна Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Аппарат башчысы Доолов Садибаккас ажы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө кирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: