Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздер мамлекеттик башкаруу системасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу менен, өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө, социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө жана калк турмушун жакшыртууга зор салым кошуп келе жатасыздар.

Сиздердин ар күнкү ишиңиздер элдин бийликке болгон ишенимине, өлкөнүн кең келечегине болгон элдин үмүтүнө түздөн- түз таасир этет.

Өзгөчө кырдаалдын азыркыдай шартында бийликтин өкүлү катары сиздерден жогорку кесипкөйлүк сапаттар эле эмес, ишке болгон жоопкерчилик, элге аяр мамиле кылуу талап кылынат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер коомчулукка өз ишине берилгендиктин жана жарандык жогорку жоопкерчиликтин үлгүсүн көрсөтүшү керек.

Сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай жана ийгиликтерди каалайм».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: