Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптар жарыш сөз сүйлөп бүтүп, айыпталуучулар акыркы сөз сүйлөштү.
Мурдагы генпрокурор Индира Жолдубаева соттук отурумда акыркы сөз сүйлөп, ага коюлган күнөөнү мойнуна алган жок.
Анын айтымы боюнча, мамлекеттик айыптоонун жүйөлөрү – бул айыптоо өкүмүнүн гана көчүрмөсү.
Ал ага каршы көрсөтмө берген Нарын райондор аралык сотунун мурдагы судьясы Данияр Эрматов экенин эске салды. Жолдубаева Эрматовдун көрсөтмөлөрүндө бир дагы далил жок экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, буга чейин прокурорлор экс-генпрокурор Индира Жолдубаеваны 15 жылга эркинен ажыратып, аны сот залынан камакка алууну суранышкан.
Судья Эмилбек Кайыпов кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.
Белгилей кетсек, аталган иш боюнча 19 адам айыпталуучу деп табылган. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-генпрокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаева жана башкалар бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ