Menu

Албек Ибраимов, экс-мэр: “Чечим кабыл алуу борбору сотто эмес, Москвадагы Кызыл аянтта”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-июнда Бишкек шаардык сотунда борбор калаанын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдордун иши боюнча айыпталуучулардын адвокаттарынын апелляциялык арызын кароо улантылды.

Отурумда экс-мэр Албек Ибраимов акыркы сөзүн сүйлөдү. Ал соттон эч нерсе сурабагандыгын, күнөөсү жок деген өкүм чыкса дагы, ырахматын айтпай турганын билдирди.

“Биздин өлкө Швейцарияга айланат деп үмүттөнгөм, бироккөңүлүбүз калды. Акыркы 30 жылдын ичинде өлкөдө 30 премьер-министр иштеди. Кимдир бирөөсү соттолгон, бирөө кызматты трамплин катары колдонгон, бирок президент болуп, кызматтан кеткенден кийин дагы соттолгондор болду. Бул Акаев, Бакиев жана Атамбаев. Бул жалпысынан мыйзам ченемдүү көрүнүшкө айланып бараткандай. Бүгүнкү күтүүлөр жана үмүттөр бат эле көңүл кайттыкка айланат. Гарварддагы профессору айткандай, биздин өлкөдөй болгон өлкөлөрдө алгач күчтүү адамдар алсыздарды жеңишет, андан кийин акылдуу адамдар келип, күчтүүлөрдү жеңишет. Ал эми өкмөт менен президент баарын башкарат. Биз ушундай чектелген аймакта айланып жүрө беребиз. Эгер бизде андай болбосо, күлкүлүү болмок” – деп билдирди Албек Ибраимов.

“Мени актасаңар дагы ырахматымды айтпайм. Анткени, чечим кабыл алуу борбору бул жерде эмес, Москвадагы Кызыл аянтта. Сизге келечектеги ишиңизге ийгилик каалайм” – деп билдирди экс-мэр судьяга кайрылып.

“Бизде сот чечимди гана аткарып, прокуратура болсо окуп берген абалга келип калганбыз” – деп кошумчалады Ибраимов.

Белгилей кетсек, Албек Ибраимов “Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, “Дастан” ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар” деген айып менен камалган. Ал бул боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга кесилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: