Menu

Кыргыз Республикасынын делегациясы Москва шаарынан Бишкекке чыкты

Бөлүшүү:

Урматтуу кесиптештер,

Кыргыз Республикасынын делегациясы Москва шаарынан Бишкекке чыкты.

Учаардын астында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катыша албай калгандыгы өкүнүү менен белгиленди.

Буга чейин маалымдалгандай, Москва шаарына келгенден кийин делегациянын бардык мүчөлөрү кайрадан тест тапшырышкан. Тапшырган тесттердин жыйынтыгында делегация курамындагы коштоп барган адамдардын экөөнүн анализи оң деп чыккан.

Бишкекке келгенден кийин анализдери оң чыккандар бардык алгоритмди сактоо менен 14 күн обочолонууда болушат.

Президент жана башка адамдар дагы анализдери чыкканга чейин 3 күнгө обочолонууга кетишет.

Белгилей кетсек, буга чейин пландаштырылган график боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясына кийинки иш сапары ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата Россия тараптын чакыруусу менен 30-июнга белгиленген.

30-июнда Ржев шаарында 1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон кыргызстандык аскерлердин эстелигинин расмий ачылышы пландаштырылган.

Баарыңыздарга ден соолук каалайбыз.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Президентинин

басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: