Бүгүн, 25-июнда Республикалык штабдын жыйынында өзгөчө абал режимин киргизүү маселеси каралат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, бул маселенин каралышы Чүй, Ош облустарында, Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал курчуп бара жатканына байланыштуу.
“Барды факторлорду эске алып, чечим кабыл алынат” – деп билдирди Мадамин Каратаев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпы 3954 адамдан коронавирус аныкталды, алардын ичинен 2112 адам ооруну жеңди, 43 жаран илдеттен улам каза болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ