Menu

Дастан Жумабеков: “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору XXI-кылымда эң керектүү мыйзамдардын бири болот”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-июнда ЖКнын жыйынында төрага Дастан Жумабеков “Маалыматты манипуляциялоо боюнча” мыйзам долбоорун кабыл алынышы керектигин билдирди.

Анын айтымында, бул мезгилдин чакырыгы, биринчи кезекте, спикердин ою боюнча, оппозиция ага муктаж.

“XX-кылымда газета, журналды көп алып окудук. Эгерде, ошол газета сиз жөнүндө же башка инсан жөнүндө туура эмес маалыматтар жазылып калса, ал киши барып газетаны сотко бергенге толук укугу, мүмкүнчүлүгү бар болгон. Азыр XXI-кылым, заман өзгөрүп, ошол газета-журналдар аз окулуп, аз сатылып, элдин баары маалыматта интернет булактарынан алып жатат. Ишенгенине ишенип, ишенбегенине ишенбей жүрөт. Эгерде ушул мыйзамды кабыл алып койсок, алдыдагы көптөгөн башаламандыктын иштерин алдын-ала токтотобуз. Ар бир адамдын укугун коргогонго ушул мыйзам жол берет. Муну кайсы мамлекеттик орган жөнгө салаарын өкмөт аныктайт.  Андан кийин бул мамлекеттик орган жалган маалыматты ким жазып чыкканын аныктай алат жана жаран аны сотко бере алат. Бул мыйзам долбоору баарына бирдей колдонулат. Бул оппозицияда жүргөндөр адамдар үчүн да эң керектүү мыйзам, аларды каралап жаткан аккаунттарды таабууга мүмкүнчүлүк түзүлөт” – деп билдирди төрага Дастан Жумабеков.

“Бул мыйзамдын автору болуп чыккан депутаттардын жаман ою жок. Мен ушундай түшүнөм. Ошондуктан, бул мыйзам XXI-кылымда эң керектүү мыйзамдардын бири болот” – деди Дастан Жумабеков.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: