Жогорку Кеңештин дагы эки депутатында коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда ЖКнын басма сөз аппаратынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.
Анын айтымы боюнча, ПЧР-тест тапшыруу иштери уланып жатат.
Парламентте жалпысынан 8 учур (4 депутат жана 4 аппарат кызматкери) катталды.
Коронавирусту кайсы депутаттар жуктуруп алганы айтылган жок. Буга чейин Ибраим Нуракун уулу ооруга чалдыккан депутттардын жана аппарат кызматкерлеринин аты-жөнү айтылбай турганын белгилеген.
Белгилей кетсек, ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунан коронавирус жуктуруп алган. Ошондой эле, “Кыргызстан” фракциясынан ЖКнын депутаты Бейшеналы Нурдинов жана “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев да ооруга чалдыкканы айтылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ