Menu

АКШ: Казакстандагы «терроризм» иштеринин 90% күч колдонуу актылары менен байланышта эмес

Бөлүшүү:

Казакстанда «терроризм» жана «экстремизм» боюнча айыптоолордун так экенине ынануу кыйын, кээ бир учурда бул саясий оппозициялык ишмердүүлүк менен байланышта болушу мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаментинин 2019-жылдагы терроризм тууралуу баяндамасында айтылат.

«Жергиликтүү иликтөөчүлөрдүн баамында, терроризм жана экстремизм боюнча айыптоолордун 90% жасалган же алдын ала пландалган күч колдонуу актылары менен байланышта эмес», — деп белгилеген документтин авторлору.

Баяндамада диний экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча беш жылдык программа дин тармагындагы чектөөлөргө багытталганы жана өкмөттүн бул аракети тескери натыйжасын бериши ыктымал экени айтылган.

Казакстанда бийликке каяша сүйлөгөн айрым оппозиция өкүлдөрү жана уюмдар экстремизмге айыпталып жүрөт. Маселен, бозгундагы Мухтар Аблязовдун «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы 2018-жылы «экстремисттик» деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Европарламент аны «тынч оппозициялык кыймыл» катары тааныган.

Ошол эле маалда Мамлекеттик департамент казак бийлигинин «Жусан» программасынын алкагындагы терроризмге каршы аракеттерине оң баасын берген. Бул операциянын негизинде Жакынкы Чыгышта жоочулардын катарында согушуп жүргөн 600дөй киши мекенине кайтарылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: